Бүгүн Жалал-Абад облустук соттук коллегиясы июнь окуялары боюнча айыпталып жаткан 3 адамдын апелляциялык аразын кароону улантат. Бул туурасында “Азаттыктын” аймактык кабарчысы Ырысбай Абдыраимов билдирди. 11-январда өткөн буга чейинки соттук отурумда апелляциялык арыз берген 3 айыпталуучунун экөө акыркы сөздөрүн сүйлөп, соттон өздөрүн актап, кечирим берүүнү өтүнүшкөн. Айыпталуучулардын жактоочулары алардын 12-июнда болгон окуяларга тиешеси жоктугун айтып чыгышкан.
Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 28-октябрда 12-июнь күнү адам өлтүргөн, массалык башаламандыкка катышкан, улуттук кастыкты козуткан жана өлүү денени мазактаган деген айыптар менен бул үч кишинин бири 13 жылга, экинчиси 8 жылга эркинен ажыратылган. Үчүнчү айыпталуучу 3 жылга шарттуу түрдө кесилген. Алардын апелляциялык арыздарын Жалал-Абал облустук сотунун коллегиясы 14-декабрдан баштап карай баштаган эле. (KKs)