Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

Кыргызстан Германиядагы “Жашыл жума” жарманкесине катышат


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, кыргызстандык өкүлдөр Германиядагы айыл-чарба тармагы боюнча “Жашыл жума” деген аталыштагы эл аралык жарманкеге катышуу үчүн жөнөп кетишти. Бул жарманке 20-январдан 28-январга чейин Берлин шаарында өтмөкчү. Анын алкагында ар кыл өлкөлөрдүн айыл-чарба азыктары калк назарына сунулуп, алдыңкы өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу иш-чаралары өткөрүлөт. Кыргызстандын атынан бул жарманкеге Айыл-чарба жана Экономикалык тескөө министрлигинен өкүлдөр жана бир катар фермер-ишкерлер катышууда. Кыргызстан ушун менен үчүнчү жолу “Жашыл жума” жарманкесине жолдомо алууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG