Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:27

Бажыда кармалып турган томат пасталарын кайра иштетүүгө болот


Бишкектеги “Түндүк” темир жол бажысында “мөөнөтү өтүп кетти” деп кармалып турган миң тоннага жакын томат пасталарынын зыяны жок. Мындай жыйынтык Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык департамент жүргүзгөн экспертизадан кийин белгилүү болгонун аталган департаменттин жетекчи орун басары Людмила Давыдова “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, Кытайдан келе жаткан пасталардын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү астында кайра иштетүүгө болот.

2010-жылдын октябрь айында Бишкектеги “Түндүк” темир жол бажысында миң тоннага жакын томат пасталары жүктөлүп Кытайдан келе жаткан 16 вагон токтотулган. Бажы кызматкерлери томат пасталарынын колдонуу мөөнөтү 2009-жылды май айында эле өтүп кеткенин билдирип, аны кайра кайтаруу керектигин билдиришкен. Ал эми товардын ээси “Непман” жоопкерчилиги чектелген коому мөөнөтү өтүп кеткен томат пасталарын кайра иштетүүгө болорун айткан. Натыйжада томат пасталарынын курамын текшерүү тапшырмасы Санэпидкөзөмөл департаментине тапшырылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG