Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Темир Сариев Бакиевдерге тиешелүү делген акчалар кандай сарпталганын айтып чыкты


Убактылуу өкмөт тушунда каржы тармагын тескеп турган Темир Сариев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында апрель окуяларынан кийин банк түйүндөрүнөн алынган каражаттардын сарпталышы туурасында депутаттарга маалымат берди. Анын айтымында 7-апрелден кийин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлерине тиешелүү банк түйүндөрүнөн 21 миллион доллар көлөмүндөгү акча алынып, Улуттук банкка сактоого жөнөтүлгөн. Бул каражаттан Убактылуу өкмөттүн чечими менен күч түзүмдөрү өңдүү бир катар тармактарга эки жолу акча бөлүнгөн. Алгач 1 млн. 999 миң доллар, экинчи жолу 5 млн. доллар бөлүнгөн.

1 млн. 999 миң доллардын ичинен Коргоо министрлигине 150 миң доллар, УКМКга 150 миң доллар, ИИМге 10 миң доллар, Убактылуу өкмөттүн аппаратына 43 миң доллар, Бишкектин жергиликтүү органдарына 20 миң доллар берилген. Президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиевге 5 миң доллар, мындан тышкары Азимбек Бекназаровго 120 миң доллар бөлүнгөн. Ошондой эле 20 миң доллар Убактылуу Өкмөттүн аппаратына, 10 миң доллар Чүйдөгү ички иштер башкармалыгына, 15 миң Бишкектеги элдик кошуундарга, 100 миң доллар Коргоо министрлигине, 200 доллар ИИМге, 100 миң доллар Жалал-Абад шаардык мэриясына, 100 миң доллар УӨтүн аппаратынын бөлүм башчысына, 50 миң доллар УКМКна, 40 миң доллар Чүй облусундагы ички иштер бөлүмүнө, 10 миң доллар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына бөлүнгөн. Натыйжада 1 млн. 143 миң доллар сарпталып, калган 856 миң доллар Улуттук банкта турат.

Ал эми 5 миллион доллардын ичинен 10 миң доллар Эмил Каптагаевге, 20 миң доллар 13-июнда Жалал-Абадда Элдик кошуундар түзүү үчүн Өмүрбек Текебаевге, 20 миң доллар Коомдук телеканалдын жетекчиси Кубат Оторбаевге, 10 миң доллар маалымат согушту басаңдатуу үчүн ЭлТРдин жетекчиси Шайырбек Абдырахман уулуна, 200 миң доллар УКМКна берилген. 500 миң доллар Ошко берилиши керек болгон. Бирок ал каражат “РСК” банкында сакталып турат. Мындан сырткары 200 миң доллар ИИМге, 8 миң 540 доллар журналисттер менен иш алып баруу үчүн Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан Роза Даудовага, 25 миң доллар 555 сом Убактылуу өкмөттүн Аппаратынын кооптонууларды башкаруунун башчысы Чолпон Ногойбаевага, 50 миң долларды Прокуратурага тергөө иштерине жумшалган. 20 миң Бишкек ички иштер башкармалыгына, 100 миң доллар Коопсуздук катчылыгы, 320 миң ИИМге бөлүнгөн. Ошону менен 1 млн. 484 миң доллар сарпталган. Калган 3 миллион 515 миң доллары Улуттук банкта турат.

Натыйжада бардыгы болуп 2 млн. 627 миң 95 доллар сарпталган. Темир Сариев билдиргендей, бул каражаттар Убактылуу өкмөттүн коллегиялык чечиминин негизинде сарпталган. Банктык түйүндөрдөн алынган каражаттар бюджеттен сырткаркы каражат катары эсептелген. (KKs)

XS
SM
MD
LG