Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Депутаттар Улуттук комиссиянын жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынган токтомго ылайык, июнь окуяларын иликтеген комиссиянын корутундусу маалымат катары кабыл алынат. Анын материалдары депутаттык комиссиянын ишинде да колдонулат. Мындан тышкары Улуттук комиссия президенттин жарлыгы менен түзүлгөндүктөн, анын жыйынтыгы боюнча акыркы чечимди президент Роза Отунбаева кабыл ала турган болду. Ал эми эл өкүлдөрү июнь окуясы иликтей баштаган депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыкканда бул маселеге кайра кайтып келишмекчи. Токтомго ылайык Улуттук комиссиянын корутундусу “Эркин-Тоо” гезитине толугу менен басылып чыкмакчы.

Июнь окуяларын себептерин, кесепеттерин иликтеп, сунуштарды иштеп чыгуу үчүн 2010-жылдын июль айында түзүлгөн Улуттук комиссия өз жыйынтыгын ушул жылдын 11-январында чыгарган. Аталган комиссиянын мүчөлөрү эки күндөн бери Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп беришти. (KKs)

XS
SM
MD
LG