Бул тууралуу бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Анын айтымында, дүйнөнүн алты ири державасынын Иран менен алдыдагы сүйлөшүүлөрүндө бул өлкөнүн талаштуу өзөктүк программасы башкы тема болот, бирок күн тартибине санкцияларды жоюу маселеси да киргизилүүсү керек. Ирандын Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ, Германия менен сүйлөшүүлөрү эртең жана бүрсүгүнү Стамбулда өтөт. Иранга уран байытуудан баш тартпаганы үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши буга чейин төрт ирет санкция киргизген.