Кошмо Штаттарында расмий сапар менен жүргөн Ху Цзинтао америкалык ишкер лидерлер менен жолугушууда сүйлөдү. Ал Кытайдын күч алышы АКШ үчүн да, дүйнө үчүн да жакшы жышаана деген ишенимин белгиледи. Ошол эле мезгилде АКШны Тайван менен Тибет Кытайга тиешелүү экендигин көз жаздымда калтырбоосун эскертти. "Бул эки аймактын макамы – Кытайдын суверендүүлүгү, аймактык биримдиги тууралуу маселе жана алар Кытайдын түпкүлүктүү кызыкчылыгын чагылдырат" деди Ху Цзинтао. Мунун алдында кытай президенти америкалык мыйзамгерлер менен көздөшкөн эле.