Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Ооганстан: депутаттар президенттин чечими менен макул эмес


Президент Хамид Карзайдын парламенттин ишке киришин бир айга кечеңдетүү тууралуу чечимине карабастан, ооган депутаттары мурдатан пландалгандай, ушул аптанын соңунда жаңы парламентте расмий ишке кирише тургандыгын билдиришти. Карзай парламенттин төмөнкү палатасы Волеси Жырганын алгачкы жыйынын ушул жекшембиде салтанаттуу ачмак, бирок бул салтанат 22-февралга калды. Карзайдын кеңсеси бир айлык кечеңдөө сентябрдагы шайлоо боюнча 400дөн ашык даттанууларды текшерүүнү соңуна чыгаруу үчүн зарыл экендигин айтууда. Жеңип чыккандыгы тастыкталган 249 депутаттын көпчүлүгү 23-январда ант берип, ишин баштай турганын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG