Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Борис Акунин: Ходорковский "мыкты калемгер"


Түрмөдө отурган орус олигархы Михаил Ходорковскийдин кол жазмалар топтомунун бет ачарында ага колдоо билдиргендердин арасында кылмыш повесттерин жазган таанымал жазуучу Борис Акунин болду.

"Ходорковский" деп аталган китептин кечээ күнкү бет ачарында Акунин "Ходорковскийдин калеми улам курчуп жаткандыгын" билдирди. "Эксмо" басмаканасы тарабынан 20 миң нускада чыккан китепте "Юкос" мунай компаниясынын мурдагы жетекчисинин соттогу сүрөттөрү менен катар, макалалары жана маектери кирген. Ходорковский өткөн айда экинчи жолу соттолуп, түрмөдө дагы алты жылга калтырылды. Ал 2003-жылы кармалып, эки жылдан кийин "салыктан качкан" деген айып менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG