Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Европа парламенти Беларустагы куугунтукту айыптады


Страссбургда кабыл алган резолюцияда парламент өткөн айдагы талаштуу президенттик шайлоодон кийин оппозициянын куугунтукталышын айыптап, "эркин жана демократиялык" шайлоо өткөрүүгө чакырды. Европалык депутаттар ошондой эле эл аралык Валюта кору тарабынан берилген жардамды убактылуу токтотуу өңдөнгөн экономикалык санкциялар менен катар, Беларустун аткаминерлерине Европага келүүгө тыюу салууга чакырышты. Мунун алдында америкалык алты сенатор президент Александр Лукашенконун кайра шайланышына каршы демонстрациянын кууп таратылышына карата Европа биримдиги менен чогуу аракет көрүүгө чакырышкан. Лукашенко кечээ санкция киргизген өлкөлөргө карата "катаң чара" көрө тургандыгын эскертти. Европага Орусиядан баруучу газдын бештен бири Беларустун аймагы аркылуу өтөт. Кечээ Беларуста камактагы оппозиция өкүлдөрүн колдоп демонстрацияга чыккан эки активист камакка алынды.

XS
SM
MD
LG