Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Күйүүчү майларга бажы төлөмдөрүн алуу үчүн расмий документтин кереги жок


Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаевдин түшүндүрмөсү боюнча, Орусиядан Кыргызстанга келе турган күйүүчү майларга бажы төлөмдөрдүн алынышы үчүн расмий документтин кереги жок. Экспорттук салыктарды алып салуу Орусиянын ички иши болуп саналат. Ал үчүн өкмөттөр аралык макулдашуунун кереги жок. Мындан улам Орусиянын күйүүчү майлары бажы төлөмү жок эле келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономикалык тескөө министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кечээ аталган эле министрликтин бажы саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Самат Кулманбетов Орусиядан Кыргызстанга келе турган күйүүчү майларга бажы төлөмдөрүн алып салуу боюнча азырынча эч кандай расмий документ келе электигин, ушул тапта күйүүчү майлар Кыргызстанга экспорттук салык менен эле келип жатканын билдирген эле.

Орусия 2010-жылдын апрель айында Кыргызстанга сатылып жаткан күйүүчү майга тоннасына 200 доллар өлчөмүндө кошумча бажы төлөм төлөө тартибин киргизгенден кийин Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткен. 2010-жылдын аягында Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Орусиядагы кесиптеши Владимир Путин менен жолугушуп, Кыргызстанда сатылып жаткан күйүүчү майга өткөн жылы салынган кошумча бажы төлөмдөрүн алып салууну өтүнгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG