Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Санжар Бакиевдин апелляциялык арызын кароо уланууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Бүгүнкү соттук териштирүүдө күбөлөрдүн көрсөтмө берери күтүлүүдө. 19-январдагы жараянда жактоочулардын өтүнүчү менен Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов да көрсөтмө берген болчу.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын уулу Санжар Бакиевге 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. Санжар Бакиев өзүнө коюлган айыптар менен макул болбой келет.

2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Мындай өкүмгө макул болбогон Санжар Бакиевдин апелляциялык арызын Чүй облустук соту Бишкек гарнизондук аскер сотунун имаратында карап жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG