Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Президенттин алдындагы мунапыс берүү комиссиясынын курамына Жогорку Кеңештин депутаттарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө долбоор талкууланды. Анын жыйынтыгында мунапыс берүү комиссиясынын курамына “Ар-намыс” фракциясынан Турсунбай Бакир уулу, Социал-демократтар фракциясынан Төрөбай Зулпукаров кире турган болду. Өкүлдөрдү тандоо учурунда талапкерлердин кесипкөйлүгү эске алынды. (KKs)