Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

“Кабар” маалымат агенттигинин журналисттери иштөөдөн баш тартышууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган агенттиктин кыргыз кызматынын кабарчысы Мээрим Ибраева кабарлады. Маалыматка ылайык, кабарчылар агенттиктин жетекчиси Жыргалбек Турдукожоев менен иштеше албай тургандыктарын билдиришүүдө. Мындан улам тиешелүү чараларды көрүү талабы менен президент, премьер-министрге жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Ибраева билдиргендей, ушул тапта президенттин басма сөз кызматынын жана жетекчиликтин өкүлдөрү менен агенттиктин жамааты сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат.

Бул маселе боюнча “Кабар” маалымат агентигинин жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Өткөн жылдын декабрь айында агенттиктеги пикир келишпестиктерден улам орус кызматынын жети журналисти өз эрки менен жумуштан кеткен. Анда журналисттер айлык акыны көтөрүү талабын коюп жатканы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG