Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Кыргызстанда 50 имам иштен алынды


Муфтияттын биринчи орун басары Убайдилла Сарыбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, жаңы муфтият түзүлгөндөн бери Кыргызстандын аймагында 50 мечиттин имамы кызматтан бошотулду. Алардын басымдуу бөлүгүн өлкөнүн түштүк аймактарындагы имамдар түзөт. Бирок алардын эч бири "июнь коогалаңына тиешеси бар" деп кызматынан алынган эмес. "Булардын айрымдары өз арыздары менен жумуштан кетсе, кээ бирлеринин иш алып баруусу канааттандырылбагандыктан, айрымдары муфтияттын тапшырмаларын аткара албаганына байланыштуу бошотулду",-деди Сарыбаев.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда казы-имамдар аттестациядан өткөрүлөт. Мындан сырткары дин адамдарынын илим деңгээлин жогорутатуу үчүн атайын окуу курстары ачылмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG