Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Чолпон-Атада Австриянын каржылоосундагы бала бакча иштебей турат


Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы австриялык “SOS Чолпон-Ата” бала бакчасынын жетекчиси Бакытбек Абдиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта аталган бала бакча жабык турат. Буга бала бакчаны каржылоодон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн баш тартуусу себеп болгон. Австриялыктардын талабы боюнча жергиликтүү бийлик каржылоонун бир бөлүгүн мойнуна алышы керек эле. Жергиликтүү бийлик бериши керек болгон каражат жылына 450 миң сомду түзөт. Анткен менен Чолпон-Ата шаардык жергиликтүү башкаруу органдары бюджеттен мамлекеттик эмес мекемелер каржыланбай тургандыгын айтышууда.

90 орундуу “SOS Чолпон-Ата” бала бакчасы 2004-жылдан бери Австриянын каржылоосунда иштеп келген. Ушул жылдын 1-январында каражаттын жетишсиздигинен убактылуу жабылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG