Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Батыштын бойкотуна карабай А.Лукашенко ант берди

Александр Лукашенко Минскинин борбордук Ак сарайында өткөн салтанатта ант берип, кийинки 5 жылдык мөөнөткө өлкөнү башкарууга расмий киришти.

Европа биримдиги, АКШ Беларуста өткөн президенттик шайлоону сындап, Лукашенкого каршы жаңы жазаналарды даярдоонун үстүндө. Алар өз өкүлдөрүн ант берүү аземине катыштыруудан баш тартты.

19-декабрдагы президенттик шайлоодон кийин Минскиде нааразылык митингине чыккан миңдеген адамдарды беларус милициясы ур-токмокко алып, 700дөн ашуун киши камалган. Алардын ичинде мурдагы президенттикке талапкерлер да бар. Камалгандардын теңинен көбү абакка кесилди.

А.Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып, "Европанын акыркы диктатору" деген лакап атка конгон.
XS
SM
MD
LG