Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:11

Президент Курманжан датканын чөбөрөлөрүн кабыл алды


Бүгүн өлкө башчысы Роза Отунбаева кыргыз элинин белгилүү мамлекеттик ишмери Курманжан датканын чөбөрөлөрү коомдук ишмер Чыныбай Абдыкапаровду жана экономика илимдеринин кандидаты, профессор Адылбек Султанбековду кабыл алды. Алай ханышасынын чөбөрөлөрү 2011-жыл “Курманжан датка жылы” деп жарыяланышына байланыштуу президентке ыраазычылыгын билдиришти. Өз кезегинде президент бул жылы өткөрүлө турган иш-чаралардын планы жакын арада бекитилерин белгиледи.

Алай ханышасы атыккан Курманжан датка 1811-жылы Алай аймагында төрөлгөн. 1907-жылы 96 жашында Мады айылында көз жумган. Натыйжада бул жылы Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси белгиленмекчи. (KKs)

XS
SM
MD
LG