Бул жыйынга президент Роза Отунбаева баштаган мамлекеттик кызматкерлер, күч түзүмдөрүнүн башчылары, парламенттеги фракциялардын жетекчилери, облус губернаторлору катышып жатат. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынында өлкөнүн ички жана саясий коопсуздугу талкууга алынууда.
19-январда президент Роза Отунбаева “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Коопсуздук кеңеши жоюлуп Коргоо кеңеши түзүлгөнү кабарланган. Аталган кеңештин катчылык милдети күч түзүмдөрүн координациялоо боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановго жүктөлгөн. (KKs)