Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

Мамлекеттик кызматкерлердин санын тартипке салуу тапшырмасы берилди


21-январда вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу боюнча эксперттик топ менен жыйын өткөрдү. Анда ар бир министрликтерге жана тармактарга мамлекеттик кызматкерлердин санын тартипке салуу тапшырмасы коюлду. Вице-премьер-министр өкмөт аппаратынын Мамлекеттик кызмат жана административдик реформалар боюнча бөлүмүнө бир аптанын ичинде тармактар аралык комиссия түзүп, мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу, кызматкерлердин ишин тартипке салуу милдетин жүктөдү. Өз сөзүндө Бабанов негизги максат бюджетти үнөмдөп, мамлекеттик кызматкерлердин ишин жакшыртуу экендигин билдирди. Ушул тапта республика боюнча 17 829 мамлекеттик кызматкер бар. Булар тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. (KKs)

XS
SM
MD
LG