Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

23-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 23-январда Кыргызстандын аймагында мезги-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, бийик тоолуу жолдордо кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6 градус суук, Талас аймагында түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7 градуска барабар. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1 градус болору күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус чыкыроон болот. Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -10…-15 градус суук болсо, тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -13…-18 градус суук болоору күтүлүүдө.

Бишкекте кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус, күндүз -2…-4 градус суук болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG