Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

"Кабардын" жетекчиси айрым кызматкерлерди сотко берет


"Кабар" маалымат агенттигинин жетекчиси Жыргалбек Турдукожоев бүгүн президентке кайрылуу жолдоп, анда 21-январда агенттиктин айрым журналисттери коюп жаткан дооматтар негизсиз экендигин белгиледи. Турдукожоевдин айтымында, кечээ жамаат менен өткөн жыйналышта агенттиктин кызматкерлери айтылган дооматтарга байланыштуу далилдерди келтире алышкан жок. "“Кабар” улуттук деңгээлдеги агенттик болгондуктан кызматкерлердин негизсиз айыптоолору агенттиктин жана жетекчинин кадыр-баркына шек келтирди. Мындан улам негизсиз дооматтарды айтып, кайрылууга кол койгон журналисттерди сотко берем",-деп билдирди “Азаттыкка” Ж. Турдукожоев.

21-январда “Кабар” маалымат агенттигинин журналисттери Жыргалбек Турдукожоев менен иштеше албай тургандыктарын айтышып, иш ташташкан. Алар жетекчи айрым негизсиз чектөөлөрдү коюп келгенин билдиришип, анын кызматтан алынуусун талап кылышкан. Мындай кайрылууну өлкө президентине, премьер-министрге жана Жогорку Кеңешке жолдошкон. Агенттиктин жамааты менен президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин кызматкерлер дүйшөмбү күнгө чейин ишти улантууну чечишкен. Өз кезегинде президенттин басма сөз катчысы бул маселе иликтенерин “Азаттыкка” билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG