Мындай чечим Жогорку Кеңештин 21-январдагы жабык отурумунда кабыл алынганын "Азаттыкка" Социал-демократтар фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Жогорку Кеңеште ”Тойота Камри” үлгүсүндөгү алтымышка чукул унаа бар. Бул унаалар 120 депутатка жетпегендиктен кошумча уналар алынышы керек болчу. Бирок бир катар депутаттар жеке унаасын колдоно тургандыгын билдиргендиктен кошумча унаа сатып албоо чечими кабыл алынды. Натыйжада Жогорку Кеңештин транспортун жеке машинасы жок депутаттар гана колдонушат. Бирок бардык депутаттардын айдоочуларынын маянасы жана колдонулган күйүүчү майлары мамлекеттин эсебинен каржыланмакчы. (KKs)