Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынында коопсуздук маселеси талкууланды


Бүгүн Бишкекте өткөн Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери өлкөдө жөнөкөй эмес коомдук-саясий абал сакталып турганын билдирип, мамлекеттин бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жараткан уюшкан кылмыш топтору, эл аралык террористтик, экстремисттик уюмдар активдешип жатканын билдиришти. Отурумду жыйынтыктап жатып, президент Роза Отунбаева иш-чаранын катышуучуларын коопсуздукту сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырды.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, талкуунун жыйынтыгында Коргоо кеңеши коомдук коопсуздукту жана тартипти, мамлекеттик чек араны коргоо жана бекемдөөгө, уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүүгө, куралдуу күчтөрдүн техникалык жактан жабдылышын жакшыртууга багытталган тиешелүү чечимдерди кабыл алды. (KKs)

XS
SM
MD
LG