Стамбулдагы сүйлөшүүлөр кечээ башталган. Ага Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу беш мүчө - Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия, - ошондой эле Иран катышууда. Бүгүн Ирандын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдөгү экинчи тарапты “конкреттүү сунушу жок, жөн эле сүйлөшүш үчүн келишиптир” деп күнөөлөдү. Буга чейин беш мамлекет расмий Тегеранга байытылган урандын оордуна жайчылык максаттагы атомдук реакторлорго керектелчү отун сунуш кылып жатышканын билдиришкен эле. Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон Ирандын талаптары “кабыл алгыс” деп атады.
"Биздин сунуштар дале күчүндө, диалог үчүн эшигибиз ачык, телефондорубуз иштеп турат. Алар эми биздин сунуштарды карап, жооп беришет го деп үүмүттөнөбүз, - деди К.Эштон. - Ошентишсе, анан андан аркы сүйлөшүүлөрдү улантабыз".
Сүйлөшүүлөр улантылышы мүмкүн экенин Ирандын делегациясы да ырастады. Бирок качан жана каерде болоорун эч ким тактаган жок. Дүйнөдөгү ири мамлекеттер Иранды “атомдук бомба” жасаганга аракет кылып, уранды ошон үчүн байытып жатат деп күнөөлөп келишет. Расмий Тегеран болсо муну “жалган” деп, уранды байытуу ага жайчылык максатта отун алыш үчүн гана керек экенин кайталап келүүдө.