Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Дүйнөлүк коомчулук Албанияда тополоңду токтотууга чакырды


Тиранада жума күнкү тополоңдо үч адам мерт болду, 21-январь, 2011
Тиранада жума күнкү тополоңдо үч адам мерт болду, 21-январь, 2011
Евробиримдик, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана АКШ бул тууралуу биргелешкен билдирүүсүндө айтышты. Кечээ Албаниянын баш калаасы Тиранада өкмөткө каршы демонстрацияга чыккандар полиция менен кагылыша кетип, үч адам набыт болгон. Эларалык коомчулуктун билдирүүсүндө “күч колдонуудан оолак болууга, талашта мунасага келүүгө” чакырык айтылат. Бүгүн Албаниянын премьер-министри Сали Бериша оппозицияны “Тунистегидей мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылып жатат” деп айыптады. Опозициянын лидери Эди Рама айыптоону четке какты.

Албанияда оппозициядагы социалисттик партиянын миңдеген колдоочулары өкмөткө каршы митингде бийликти коррупция үчүн айыптап, отставкага кетишин талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG