Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:54

Франция Иранга каршы санкцияларын күчөтүшү мүмкүн


Бул тууралуу Иорданияга сапары учурунда Франциянын тышкы иштер министри Мишель Алио-Мари билдирди. Кечээ, анан жума күнү Ирандын ядролук программасы боюнча Стамбулда жыйын болуп, анда Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңешине туруктуу беш мамлекет менен расмий Тегеран бир пикирге келе албай коюшкан. Сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаганына Франция Иранды күнөөлөп, мындан ары да Тегеран эпке келбей тура берсе, жаңы санкциялар киргизилет деп эскертти.

"Биз маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө дале дилгир болуп турабыз. Бирок азыр сүйлөшүүлөрдү улантуу-улантпоо ирандыктардын аракетине жараша болот, - деди француз министри. - Бирок биз эки багытта иштей беребиз: Иранга түрдүү варианттарды сунуш кыла беребиз, а эгер прогресс болбосо, анда санкцияны күчөтөбүз".

Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө Иран "Булар эч кандай конкреттүү сунушу жок эле сүйлөшкөнү келип алышыптыр" деген эле. Экинчи тарап болсо Иранга уранды өзүндө байытпай, жайчылык максаттагы реакторлоруна отун берүү сунуш кылынганын айтышкан. Батыш Иранды "атом бомбасын" жасап атат" деп, Тегеран уранды ошон үчүн байытып жатат дейт. Ал эми расмий Тегеран муну четке кагып, байытылган уран ага жайчылык максатта отун иретинде гана керек экенин кайталап келүүдө.

XS
SM
MD
LG