Бүгүн Бишкек пресс-клубунда балдарды социалдык жактан коргоону жакшыртуу маселелерине арналган талкуу өтөт. Иш-чараны Жогорку Кеңештин Саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитети уюштурууда. Талкууда балдарды коргоо боюнча жаңы система түзүү тууралуу сөз болмокчу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)