Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Аксы окуясы боюнча соттук териштирүү уланат


Жогорку Соттон маалымдашкандай, 20-январдагы сот процесси айыпталып жаткан мурдагы баш прокурор Чубак Абышкаевдин келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылган. Аксы окуясы боюнча сот былтыр 7-апрелден кийин кайра жанданган. Алгачкы соттук отурум 20-январда жабык өттү.

Бул иш боюнча ошол кездеги аткминерлер Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Болот Жанузаков, мурунку башкы прокурор Чубак Абышкаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана ал убактагы Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Таштан Мамбеталиев күнөөлөнүп жатат. Аларга "жарандарды мыйзамсыз кармоого алган" жана "кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланган" деген кинелер койулууда.

2002-жылы 17-мартта Аксы районунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши набыт болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши мерт кеткен. (EBM)

XS
SM
MD
LG