Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Сузакта катылган курал табылды


Сузак районунун Өзбекстанга чектеш Серный деген жеринен бир Калашников автоматы атууга даярдалган 23 огу менен табылганын "Азаттыкка" бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Таалайбек Суусунбаев билдирди. Мындан сырткары бул жерден дагы 20 ок, колго жасалган бир кылыч табылган. Бул курал-жарактар өзбек чек арасынан жарым чакырымдай бери, камыштын арасына жашырылган. Табылган курал-жарактар баллистикалык экспертизага жиберилип, текшерүү учурунда автомат Базар-Коргон РИИБине тиешелүү экени, июнь окуялары учурунда жоголуп кеткени аныкталды. Азыр бул курал-жарактар ким тарабынан, кантип жашырылганы иликтенүүдө. (SM)

XS
SM
MD
LG