Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Кара-Суу районунда курал-жарак жасачу жашыруун цех табылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Памир Асанов билдирди. Анын айтымында, бул жашыруун жай жекшембиде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жергиликтүү башкармалыгы менен биргелешип жүргүзүлгөн атайын операция учурунда аныкталган. Жашыруун жайдан ок атуучу жана пневматикалык куралдар кайра жасалып келген. Операция учурунда бул жерден эки адам кармалып, курал-жарактардын арсеналы жана курал жасачу жабдыктар табылган. Учурда бул жай кимдер тарабынан уюштурулганын аныктоо иштери жүрүүдө. (SM)

XS
SM
MD
LG