Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

Орусия: кыргызстандыкты өлтүргөндөр соттолду


Бул туурасында “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев билдирди. Кыргызстандын жаранын уруп өлтүргөн деп айыпталып жаткан 22 жаштагы Максим Кобзев 13 жылга, 23 жаштагы Иван Пахнутов 12 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимде жаза өтөмөй болушту. Раменски райондук соту өкүмдү 21-январда чыгарды.

2009-жылы 2-ноябрда бул эки орус жараны Москва облусундагы Раменски районуна караштуу Старково айылына жакын жерде жолдо бара жаткан эки кыргыз жаранына эч себепсиз эле кол салышкан. Алардын бири качып кутулган. Экинчисин кылмышкерлер кулактарын кесип, уруп жатып өлтүрүшкөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG