Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:23

Бюджеттин киреше бөлүгү быйыл 10 миллиард сомго көтөрүлөт


Бул туурасында премьер-министр Алмазбек Атамбаев бүгүн маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Премьер-министр анда өкмөттүн экономикалык абалды стабилдештирүү боюнча жылдык программасы шаршемби күнү бекитилээрин да айтты. Өкмөт башчынын атымында, бюджеттин киреше бөлүгү быйыл 10 миллиард сомго көтөрүлүп, мунун эсебинен биринчи майдан тарта бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлерди айлык маянасы кескин өсөт. “Мисалы, эгер мугалим 2,8 миң сом алып келсе, айлык көтөрүлгөндөн кийин ал 7, 8 миң сом алып калат. Ушундай эле реформалар башка социалдык чөйрөдөгү кызматкерлерге карата да жүргүзүлөт”, - деди Алмазбек Атамбаев. (AzK)

XS
SM
MD
LG