Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Тажикстанда жашаган чет элдик жарандарды текшерүү башталды


Дүйшөмбү шаардык милициясы билдиргендей өткөн жума ичинде чет элдиктерди текшергенде 15 кылмыштын бети ачылып, тажик баш калаасында расмий каттоосуз жашаган 260 жаран аныкталган. Мыйзам бузгандардын арасында 17 чет өлкөнүн атуулу административдик жазага тартылды. 4 миңдей батир, 64 миңдей тургундар атайын текшерүүдөн өттү.
15-январда башталган текшерүү 15-февралга чейин уланат. Анын максаты Дүйшөмбүдө жашаган тажик жана чет өлкүк жарандарды текшерип, атайын каттоосуз жашагандарды аныктоону көздөйт.

Расмий маалымат боюнча тажик борборунда 600 миңдей ашуун киши жашайт.

XS
SM
MD
LG