Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Ооганстанда бүгүн жаңы парламент ишке киришет


Парламенттин жаңы курамы менен мунаса табуу аракетинде анын алгачкы сессиясынын бүгүн ачылышына президент Хамид Карзай да макул болду. Бирок Карзайдын кеңсесинин билдиргенине караганда, былтыркы сентябрдагы шайлоодо орун алды делген бурмалоолор боюнча иликтөө жүргүзүүчү трибунал өзү ишин уланта берет. Анткен менен парламент президенттин чечимине көнөбү же жокпу, бул азырынча белгисиз.

Өткөн аптада президент Карзай трибуналдын иликтөөсүнө убакыт берүү үчүн парламент сессиясын бир айга токтото турууну буюруган. Мыйзамгерлер болсо сессияны өз алдынча баштай беришерин эскертишкен. Алар ошондой эле президентти атайын трибунал Конституцияга каршы келгендиктен аны жоюуга чакырышты.

XS
SM
MD
LG