Ак үйдүн маалыматына караганда, Барак Обама “Өлкөдөгү абал жөнүндө” деп аталган жылдык кайрылууда быйыл негизги көңүлдү экономикалык проблемаларга, анын ичинде бюджет проблемаларына бурат. АКШнын мамлекеттик чыгымдарын кыскартуу бүгүнкү кайрылуудагы темалардын бири болчудай. Муну кандай жолдор менен жасоо маселесине келгенде, бийликтеги демократтар менен оппозициядагы республикачылардын ортосунда пикир-келишпестик бар.