Бул тууралуу НАТОнун мазмууну башка жактарга да тарап кеткен аскерий документтерине шилтеме жасап, британдык “Гардиан” гезити бүгүнкү санында жазып чыкты. Басылма ошондой эле Косово өкмөтүнүн өкүлү мазмууну тарап кеткен документтерде айтылган маалыматтарды төгүндөгөнүн да кошумчалады. НАТОнун Косоводон 2004-жылы даярдалган аскерий документинде Косовонун азыркы премьер- министри уюшулган кылмыш дүйнөсүнүн “акуласы” экендиги, анын жакын өнөктөшүнүн албан мафиясы менен байланышы болгондугу белгиленген.
Хашим Тачинин уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бардыгы Европа Кеңешинин мындан бир ай мурда жарыяланган баяндамасында да көргөзүлгөн.
Швейцариялык сенатор Дик Марти даярдаган баяндамада Хашим Тачи косоволук албандардын 1990-жылдардын соңунда сербдерге каршы согушу учурунда жана андан кийин кылмыштуу топту жетектегени айтылган. Баяндамада Тачинин тобу оппоненттеринин көз тазалап, баңги аткезчилиги жана өлтүрүлгөн сербдердин органдарын соодалоо менен алектенгени белгиленет. Косовонун өкмөтү бул баяндаманы четке кагып, аны “жалаа жабуу” аракети катары мүнөздөгөн.