Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Тажикстандагы жер титирөөдөн айрым кыргыз аймактары жабыр тартты


Очогу Тажикстанда катталган жер титирөөдөн Кыргызстандын Ош жана Баткен областтарында да айрым жабыр тартуулар болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда бала бакчанын айнектери сынып, орто мектептин спорттук машыгуу залында дубалдан жарака кеткен. Кадамжай шаарчасындагы 16 батирлүү мурда авариялык абалда турган эки кабат үйдүн сол капталындагы жаракалар чонойуп кеткен.

Ал эми Ош облусунун Алай районунда 9 үйдүн дубалдарында жаракалар пайда болуп, Чоң-Алай районундагы орто мектептердин биринде 2 класстык бөлмө кооптуу абалга келген.

Дүйшөмбү күнү Тажикстанда катталган жердин силкинүү күчү 8 баллга жеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG