Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Коргоо министрлиги командалык-штабдык машыгуу өткөрө баштады


Бүгүн коргоо министрлиги «Эл аралык террорчулардын мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн жок кылуу боюнча күжүрмөн аракеттерди даярдоо жана алып баруу» деген темада командалык-штабдык машыгуу өткөрө баштады.

Машыгуунун негизги максаты – террорчуларга каршылык көрсөтүү ыкмаларын иштеп чыгуу. План боюнча өткөрүлүп туруучу мындай машыгуу быйыл шарттуу түрдө Борбор Азияда «Ислам халифатын» орнотууга умтулган күчтөргө каршы күжүрмөн даярдыкты аныктоо максатын көздөйт. Алгач машыгуу түштүк-чыгыш аймактагы кошуундар, бөлүктөр менен, андан кийин түндүк-чыгыш аймагынын аскер бөлүктөрү менен өткөрүлөт, деп маалымдайт коргоо министрлигинин маалымат кызматы.

XS
SM
MD
LG