Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

Президент аппаратынын көпчүлүк кызматкерлери мамлекеттик тилди талаптагыдай билбейт


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 22-январда Президенттин аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында алар менен аңгемелешүү өткөрүлгөнүн билдирди. Жыйынтыгында 80ге жакын кызматкердин дээрлик көпчүлүгү кыргыз тили боюнча окуу курсунан өтүүсү зарыл экендиги аныкталды. Ушунун негизинде президенттин аппаратынын кызматкерлери үч топко бөлүнүп, мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча курстан өтө турган болду. Курстун жыйынтыгында президенттик аппараттын кызматкерлери сынак тапшырып, мамлекеттик тилди билүү деңгээли “талаптагыдай” жана “талаптагыдай эмес” деген баа алышат. (КС)

XS
SM
MD
LG