Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Байланыш кызматына тарифти көтөрүү демилгесине операторлор каршы


Бул тууралуу "Билайн", "Фонекс", "Сапатком", "Кыргызтелеком", "Байланыш операторлор ассоциациясы" жана башка байланыш операторлорунун өкүлдөрү “Республика” фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен болгон жолугушууда билдиришти. Алардын айтымында, өкмөттүн жана мамлекеттик байланыш агенттигинин бул кызматтарга тарифти көтөрүү демилгеси бул тармакка инвесторлорду тартууда тоскоолдук кылышы ыктымал. Мындай чаралар өз кезегинде абоненттик төлөмдөрдүн өсүүсүнө алып келип, жарандардын бюджетине таасир этет.

Канат Исаев маселе эки тараптуу негизде изилденгенден кийин гана кандайдыр бир чечим кабыл алынарын билдирди. Бул туурасында фракциянын катчылыгынан маалымдашты. (AzK)

XS
SM
MD
LG