Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Домодедоводо набыт болгон кыргызстандыктын сөөгү эртең жөнөтүлөт


Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен билдиришти.

Домодедово аба бекетинде 35 кишинин өмүрүн алган жардыруу болгондо Кыргызстандан учак келген эмес. Ошондуктан кыргыз жараны Мурат Хакназаров ал жерде кандайча барып калганы азырынча белгисиз. Маркумдун жанынан Кыргызстандын ички паспортунан башка эч кандай документ табылган эмес. Элчиликтин юристи Алмаз Абдысияевдин билдиришинче, баланын туугандары байланышка чыга элек.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, Хакназаров Мурат Худайназарович Тажикстанда туулган, улуту кыргыз, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында катталган. Хакназаровдун ысмы Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде мигранттардын тизмесинде жок. Абдысияевдин айтымында, бюрократиялык формалдыктар бүткөндөн кийин, сөөк эртең, 26-январда, Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Москва шаар бийликтери Домодедоводогу жардыруудан каза тапкандарга жана жараат алгандарга акчалай компенсация төлөп берет. Элчиликтин маалыматына ылайык, набыт болгондордун жакындарына 8 миң, жапа тарткандарга 4 миң доллардан компенсация төлөнөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG