Программаларын орус тилинде чыгара баштаган телеканалда көрүүчүлөрдөн телефондон түшкөн суроолоруна жооп берүү учурунда Михаил Саакашвили Орусияны Грузиянын эки аймагы: Абхазия менен Түштүк Осетияны “оккупациялап” алганы үчүн айыптады. Грузин президенти көрөрманга кайрылып жатып, “Орусия сизди жутуп алууга даяр крокодил сыяктуу”,- деп айтты. Ал ошондой эле Москванын Домодедово аэропортунда жанкечти жасаган жардырууну Орусиянын Кавказдагы саясатына байланыштырды. Орусия Абхазия менен Түштүк Осетияны 2008-жылы августта болгон кыска согуштан кийин көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган.