Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Зилзалада Алай жана Чоң-Алай районундагы имараттар жабыркады


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, 24-январда Кыргызстандын түштүгүндө болгон жер титирөөдөн улам Алай районунун Талды-Суу айылында 4 үй, Арча-Булак айылында 5 үйдүн дубалдарында жаракалар пайда болгон. Ал эми Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылындагы мектептин 4 класстык бөлмөсүнүн дубалдары жарылган. Мындан улам мектептин бул корпусунда окуу токтотулган. Чак айылынын Көк-Суу орто мектебинин түштүк-чыгыш тарабындагы дубалында бир катар жаракалар пайда болгон. Ушул тапта алардын чыгымдарын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

24-январда эртең мененки саат 8:45 чамасында Ош шаарынан түштүк тарапка карай 190 чакырым алыстыктагы Тажикстандын аймагында күчү сегиз даражага жеткен жер титирөө катталган. Зилзаланын күчү Баткен шаарында 3 баллга, Ош шаарында 3-4 балл, Карамык жана Сопу-Коргон айылдарында 4-5 балл, Алай өрөөнүндө 4-5 баллга жеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG