Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:47

Бишкекте Биологиялык лабораториянын курулушу боюнча талкуу өтүүдө


Ушул тапта Кыргыз-Орус Славян университетинде Бишкектеги Биологиялык лабораториянын курулушу боюнча маселелер талкууланып жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, талкууда Кыргызстан менен Канаданын орток долбоору болгон бул лаборатория туурасында маалымат берилүүдө. Ага адистер, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Буга чейин маалым болгондой, Биологиялык лабораториянын курулушун 2011-жылы баштоо пландалууда. Ал Бишкектеги ботаникалык бакчанын жанында жайгашып, курулуш иштери 2013-жылга чейин бүткөрүлмөкчү. Аталган лаборатория биологиялык террорчулуктан коргонуу жана коопсуздукту сактоо максатын көздөйт. Улуттук биологиялык лаборатория куруу аракети Канада өкмөтүнүн Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырып, долбоор үчүн 60 миллионго жакын Канада доллары бөлүнгөн. Бул демилге көтөрүлө баштаганда бир катар шаар тургундары жана укук коргоочулар биологиялык лабораториянын зыяндуу экенин айтышып, анын Кыргызстанда курулушуна каршы пикирлерин билдирип чыгышкан эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG