“Өлкөдөгү абал жөнүндө” деп аталган жылдык кайрылуусунда Барак Обама ички саясаттын маселелерине басып жасап, АКШнын глобалдык экономикадагы атаандаштык жөндөмүн арттыруу үчүн илимге, билимге жана инфраструктурага көбүрөөк каражат салууга чакырды. Президент катары экинчи жылдык кайрылуусунда Обама ага катар азыр АКШ үчүн өткөн кылымдын 50 –жылдары ал кездеги СССР менен космосту өздөштүрүү учурунда жарыштагыдай жагдай жаралып турганын белгиледи:
-Жарым кылым илгери советтер Спутнигин учуруу менен космосто бизден ашып өткөндө, Айга келгенде биз алардан кантип ашып өтөрүбүз боюнча ой да жок эле. Бирок илимий изилдөөгө жана билимге инвестиция жасоо менен биз советтерден ашып гана өтпөстөн инновациялардын толкунуна жол ачтык. Ал өндүрүштүн жаңы тармактарын, миллиондогон жумушчу орундарын жаратты. Азыр биздин муундун Спутниги келип олтурат.
Тышкы саясаттын маселелеринен Обама Ирактагы согуш аяктап бара жаткандыгын, Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын азайтуу быйыл июлда башталарын белгиледи. Ал ошондой эле АКШ Орусия менен мамилесин кайра жандырганына, Азия өлкөлөрү менен алакасын чыңдаганына токтолду.