Бишкек шаардык Маалымат жана жарнак департаментинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, 26-январга карата Ош базарынынын тегерегиндеги көчөлөрдөн мыйзамсыз орнотулган 94 күркөнү алуу иштери аяктады. Эми алынышы керек болгон дагы 63 күркө калды. Маалыматка ылайык, базардын тегерегинен алынган күркө ээлерине Бишкектеги “Дордой-Дыйкан”, “Пишпек” өңдүү базарлардан ишин улантуу үчүн орун берилүүдө. Шаардык мэрия күркөлөрдү алып, жаз мезгилинде базарга жакын жайгашкан бир катар көчөлөрдү оңдоп түзөөнү көздөөдө. (KKs)