Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Уюшкан кылмыштуу топтун бир мүчөсүнө издөө жарыяланды


Биринчи Май райондук соту тарабынан Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аталган Алмамбет Анапияевди камакка алуу боюнча санкция берилип, ага издөө жарыяланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 1973-жылы туулган Алмамбет Анапияевге Кылмыш кодексинин “адам уурдоо”, “адамга кол салуу”, “адамдын эркиндигин мыйзамсыз чектөө” өңдүү беренелери боюнча айыптар тагылууда. А. Анапияевдин буга чейин соттолгону, айрым маалыматтар боюнча кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп саналган Камчы Көлбаев жетектеген топтун мүчөсү экендиги кабарланууда.

25-январда ИИМдин жамааттык жыйынында президент Роза Отунбаева тартип коргоо кызматкерлерин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө чакырган. Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев бул багытта чечкиндүү чаралар көрүлүп жатканын “Азаттыкка” кабарлады. (KKs)

XS
SM
MD
LG