Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Өкмөт 2011-жылдын бюджетинин долбоорун кабыл алды


Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында “2011-жылдын бюджети жана 2012-2013-жылдарга божомолдор” боюнча мыйзам долбоору жактырылды. Жыйында каржы министри Чоробек Имашевдин билдиришинче, 2011-жылы өлкө бюджетинин киреше бөлүгү 67 миллиард 370 миллион 552 миң сомдон ашык болсо, чыгашасы 88 миллиард 627 миллион 934 миң сомдон жогору болот. Ал эми республикалык бюджеттин таңсыктыгы 21 миллиард 257 миллион 381 миң сомдун айланасында болору күтүлүүдө. Аны жабуу үчүн сырткы жана ички булактарды колдонуу аракеттери көрүлүүдө. Министр белгилегендей, 2011-2013-жылдарга карата өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоодо, 2009-2010-жылдагы экономиканын өнүгүүсү, апрель жана июнь окуяларынын өлкө экономикасына тийгизген таасири эске алынды. Эми бюджеттин долбоору эми Жогорку Кеңештин кароосуна коюлмакчы.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бул жылы бюджетин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн казынаны толтуруунун кошумча булактарын табуу тапшырмасын койду. (KKs)

XS
SM
MD
LG