Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:22

Биологиялык лабораториянын курулушуна айрым жарандар каршы чыгууда


Бүгүн Кыргыз-Орус Славян университетинде Биологиялык лабораториянын курулушу боюнча өткөн жыйында айрым жарандык коомдун мүчөлөрү Бишкекте курула турган бул лабораторияга каршы пикирлерин билдиришти. Алардын жүйөлөрү боюнча, Кыргызстанда биологиялык лаборатория курулса, анда чет өлкөлөрдөн алынып келип, илимий иштер үчүн колдонулушу ыктымал болгон вирус жана бактериялар өлкө жарандарынын ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн. Өз кезегинде долбоордун координатору Рысбек Нургазиев Кыргызстандагы башка лабораториялардын абалы начар болгондуктан бул лаборатория курулушу керектигин, анын иши жарандарга эч кандай зыянын тийгизбей тургандыгын белгиледи.

Улуттук биологиялык лаборатория куруу аракети Канада өкмөтүнүн Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул лабораториянын курулушун 2011-жылы баштап, 2013-жылы бүткөрүү пландалууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG